Чүйдө жаңы окуу жылы салтанаттуу башталды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылында жайгашкан «Молдо Шакир» медресеси 2024-2025 жаңы окуу жылын салтанаттуу түрдө баштады.

Аземде Кыргыз республикасынын Гимни жаңырып, айылдык кеңештин депутаты Алдаяр Мурзабеков сөз кезегинде төмөнкүлөрдү билдирди:

«Окуу жайдын жалпы жамаатын, келген конокторду жаңы окуу жылы менен жылуу куттукктайм. Өзгөчө студенттер жаңы окуу жылында албан-албан ийгиликтерди жаратып, талыкпай илим алууңарды, келечекте мамлекетти, эли-журтту, каада-салтты, үрп-адатты терең урматтаган, жергебизге күйүмдүү эр-азаматтардан болушуңарды каалап кетем».

Медресенин мүдүрү Тажидин ажы Байтеитов келген конокторго ыраазычылык билдирип, 2024-2025-жылдарга карата иш планы жана окуу программасы менен тааныштырды.

Жыйын соңунда айыл аксакалы Салахиддин ажы Зияев медресенин мындан да өнүгүп-өсүүсүнө өз батасын берип, жалпы жамаатка өз акыл насааттарын айтты.

Салтанаттын соңунда келген конокторго, студенттерге жана ата-энелерине майрамдык сый-тамак тартылды.