Баткен казыятынын кызматкерлери аймактагы медресе студенттерине ачык сабак өттү

Кечээ, 2-сентябрь күнү Ааалымдар Кеңешинин №03-04 токтомдорун ишке ашыруу жана Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун №301 буйругуна ылайык, Баткен обустук мусулмандарынын казыятынын кызматкерлери облус аймагындагы медреселерде Билим күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата салтанаттуу иш-чарага катышышты.

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаарындагы медресе студенттерине “Билим алуунун артыкчылыгы жана Мекенди сүйүү” темасында ачык сабак өтүп, билим жолуна жаңыдан кадам таштап жаткан студенттерге ийгиликтерди каалады.

Ал эми казынын орун басары Муса ажы Жолдошов Лейлек районундагы диний окуу жайлардын студенттерин Билим күнүнө карата салтанаттуу иш-чарасына катышып “Мекендүү сүйүү” темасында лекция окуду.

Билим майрамына карата  Баткен шаар, районундагы салтанаттуу иш-чарага казыяттын адиси Махмуд ажы Курбанбаев катышты.

Бул күнү казыят кызматкерлери студенттерге  ачык сабак өтүү менен биргеликте, медреселерде жаңы киргизилген Кыргыз тарыхы жана маданияты сабагынын биринчи сабактарына конок катары катышышты.