Нурдан Омуралиев Жайыл жана Кара-Балтанын имамдарына жыйын өткөрдү

Чүй облусунун Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан Омуралиев райондун жана Кара-Балта шаарынын имамдарына борбордук мечитте чогулуш өткөрдү.

Чогулуштун жүрүшүндө имамдар жакын арада өтүлүүчү аттестатцияга даярдык көрүп, «Фикхул акбар» китебинен сабак өтүлдү.

Райондон жана шаардан 25 диний кызматкер катышкан жыйында төмөнкү тапшырмалар берилди:

— Ысырапкерчиликтин алдын алуу;

— Улуттук нарк-насилди сактоо;

— Жаштар менен иштешүү.

Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарынын борбордук мечитинин жаңы имараты 2024-жылдын 18-августунда салтанаттуу ачылган.