Бишкекте диний окуу жай жетекчилери №4 жана №47 кесиптик техникалык лицейин зыярат кылышты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын колдоосу менен диний окуу жайлар кесиптик техникалык лицейлер менен кызматташат. Кесиптик лицейлерге зыяратты КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков уюштуруп, ага борбор калаадыгы 16 диний окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Зыяраттын алкагында төмөнкү кесиптердин окутулуучу жайлары тааныштырылып, ар бир кесиптин мугалимдери менен пикир алышты.

Санитардык-техникалык системаларды жана жабдууларды куроочу,

электр жана газ менен ширетүүчү;

Ремонт-курулуш иштери боюнча уста;

Жыгач иштетүүчү уста;

Шыбакчы-сырдоочу;

Шыбакчы-плита коючу;

Жылуулук изоляциясы;

Интернет технологияларынын адиси;

Тикмечи;

Ашпозчу;

Балчы;

Чачтарач;

Айдоочу.

Зыяраттын жыйынтыгында диний окуу жайдын жетекчилери, окуу бөлүм башчылары менен кесиптик лицейдин директорлору, окутуучуларынын арасында 5-сентябрда КМДБда эки тараптуу кызматташуу боюнча тегерек стол өткөрүү мерчемделди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров лицейдин директорлору Медербек Аматов жана Салтанат Бараканованы кабыл алып кызматташуу боюнча талкуу жүргүзгөн.