Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Сүлүктү шаарынын мэринин Ардак грамотасы менен сыйланды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн шаардын имам-хатиби Абдужалил ажы Бекаев Сүлүктү калаасынын мэринин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Сыйлыктар үстүбүздөгү жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 33 жылдыгына карата ар кайсы тармактарында үзүрлүү эмгек кылган шаар тургундарына тапшырылды.