Ош облусу: Жергиликтүү элдер менен жолугушуулар уюштурулат

Бүгүн, 4-сентябрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери КР президентинин Ош облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлүнүн орун басары Т. К. Арстанкулов менен жолугушуп, облус аймагындагы элдер менен жолугушуу графиктери сунушталды.

Аталган жолугушууда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин тиешелүү фатва жана токтомдору, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин буйруктары, казыяттын жылдык иш планынын алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мерчемге ылайык;

Ноокат району: 16-октябрь

Кара-Суу району: 23-октябрь

Өзгөн району: 30-октябрь

Чоң-Алай району: 6-ноябрь

Алай району: 13-ноябрь

Кара-Кулжа району: 20-ноябрь

Араван району: 27-ноябрь

Айта кетсек, аталган иш-чаранын өткөрүлүүчү даректери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен макулдашуу аркылуу белгиленет.