Кыз-келиндер арасындагы республикалык Куран конкурсу жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды

 

Бүгүн, 4-сентябрь күнү борбор калаадагы «Имам Сарахсий» башкы мечитинде кыз-келиндер аралык республикалык Куран жарышы жыйынтыкталды.

КМДБнын демилгеси, САПтын Ислам иштери жана үгүт-насаат министрлигинин көмөгү менен өтүп жаткан Куран конкурста Асылбек кары Таштемиров, Муса кары Атабаев, Абдыкалык кары Эшматов, Рахматулла кары Бектемиров жана Насрулло кары Искандаровдордон турган комиссиянын чечими менен төмөнкүдөй жыйынтык чыгарылды.

30 пара боюнча:

3-орун – Нуркыз Бериебекова (Ысык-Көл облусу)

2-орун – Муззам Закирова (Ош облусу)

1-орун – Ханифа Узакова (Чүй облусу)

 

20 пара боюнча:

3-орун – Мукаррам Азимова (Ош облусу)

2-орун – Бумарям Мадрахимова (Ош шаары)

1-орун – София Узакова (Чүй облусу)

 

10 пара боюнча:

3-орун – Рукия Рахматуллаева (Ош облусу)

2-орун – Насиба Муратали кызы (Жалал-Абад облусу)

1-орун – Лейла Дандазова (Чүй облусу)

 

Кооз окуу боюнча:

3-орун – Зейнеп Мансурова (Бишкек шаары)

2-орун – Нурсаида Нурдинова (Ысык-Көл облусу)

1-орун – Фатима Мухтадаева (Чүй облусу)

Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.