Ысык-Көл облусунун казысы жаңы курулуп жаткан казыят имаратынын курулуш иштеринен кабар алды

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев жана казыят кызматкерлери казыяттын жаңы имаратынын курулушунан кабар алды. Зыяраттын алкагында жумушчулардын иштери, жаңыдан жасалган каалгалары, тепкичтеринин сырткы фассадынын жасалышы менен таанышты.

«Кудайым буюрса казыятыбыздын жаңы имаратын жакынкы күндөрдө курулуш иштерин аяктап, кирели деген ниетте турабыз. Азыр мына көрүп чыктык, эшиктери келип түштү. Имараттын сырткы иштери уланып жатат. Эми казыятыбыз бүтүп, облусбуздун ар кандай диний маселелерин чечүүдө чоң жардамын берет деген ишенимдебиз. Ушул курулушту колдоп, демөөрчүлүк кылып жаткан инсандардан Аллах Таала ыраазы болуп, , иштерине ийгилик берип, эки дүйнө бактылуу кылсын», – деди облус казысы.

Маалымат катары айта кетсек, имарат Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын жардамы менен курула башталган жана пайдубалы, дубалы тургузулган. Андан кийинки иштери жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жүрүүдө.