Ноокатта жардамга аз камсыз үй-бүлөлөргө жардамдар берилди

Бүгүн, 4-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу муктаж 15 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

«Кыштын камын жазда көр» демекчи, алдыбызда кыш мезгили да жакындап келе жатат. Ошол себептен, бир муктаж үй-бүлөгө жардам катары колдон келгенче 15 кап көмүр берилсе, 14 үй-бүлөгө сабиз, күрүч жана эт камтылган азык-түлүк баштыкчасы таратылды. Элдин бизге аманат катары бергендерин элге таратуу биздин милдетибиз. Бул ишке себепчи болгон берешен агабыздан Аллахым ыраазы болсун», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, аталган кайрымдуулук иш-чарасы хатибият тарабынан түзүлгөн кайрымдуулук фондуна келип түшкөн жардамдын эсебинен өткөрүлдү.