Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча билдирүү

Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам долбоору бүгүнкү күндө коомчулукта талкууланып жаткан мезгили. Диний башкармалык  долбоорду дасыккан диний аалымдар жана юристтер менен бирге талкуулап жатат. Бул жаатта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тарабынан да комиссия түзүлүп, укук талаасында иш алып барууда. Мыйзам долбоорун толук окубай  хижабга, дааватка тыюу салынат тура деп бүтүм чыгарып, интернет желелеринде  негатив пикирлерди калтырышууда. Мыйзам долбоорунун табиятында хижабга, тагыраагы жоолуккка каршы эч кандай пункт жок. Буга чейин аялзаты коомдук жайларда кандай хижапчан же жоолукчан жүргөн болсо, мындан кийин да ошондой жүрө алышат. Анткени бул биздин өлкөбүздөгү аялзатынын Конституциялык укугу. Демек аталган долбоордо  мектеп, оорукана өңдүү коомдук жайларда жоолукка тыюу салынбайт деп айтууга негиз бар. Албетте, сөз болуп жаткан долбоорго даанышмандык менен  мамиле кылганыбыз  жакшы.

Урматтуу мусулман бир туугандар! Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууда болгондуктан диний башкармалык   өз сунуштарын  тиешелүү институттарга жазуу түрүндө жөнөтүү алдында турат.