Ош шаарында жалпы ДОЖ мүдүрлөрүнө алгачкы жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 4-сентябрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов калаадагы жалпы диний окуу жайлардын жетекчилерине жаңы 2024-2025-окуу жылына карата биринчи жыйынын өткөрдү.

Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кенешинин Nº1-2-3-4 токтомдору боюнча өз-өзүнчө токтолуп, ар бир диний окуу жайда түшүндүрүү иштерин жыл бою жүргүүзүү боюнча тапшырма берди.

Ош шаарынын казысы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн жоопкерчилиги чоң экенин эскертүү менен биргеликте буларды билдирди:

«Азыркы учурда өлкөбүздө ар кандай диний агымдар пайда болууда. Андыктан ар бир окуу жайда динди туура түшүндүрүп, салттуу исламды бекем кармануу керек. Токтомдордо көрсөтүлгөн диний окуу жайларда бирдиктүү формасына көңүл бургула. Экстремисттик көз караштардын жана анын жайылышынын алдын алуу, мамлекеттүүлүк, мекенчилдик, мамлекеттик символикалар, улуттук баалуулуктарды көздүн карегиндей сактоо, соцтармакты фитнага жол бербей туура пайдалануу, нарктуулук жана элдик тарбия темаларында атайын сабактар өтүлсүн», – деди ал жыйында.

Шаар казысы Мирлан ажы Токтомушов жыйын соңунда 2024-2025-окуу жылына ийгиликтерди каалап, батасын берди.