Ысык-Көл облусунун казысы Ак-Суу районунун имамдары менен жолугушту

Бүгүн, 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында райондун жалпы имамдарына жыйын өттү. Жыйында бөлүнүп-жарылуунун кесепети, ынтымак, биримдиктин пазилеттери, КМ Аалымдар Кеңешинин 2024-жылдагы №01, 02, 03 токтомдорунун негизинде иш алып баруу, имамдардын ишмердүүлүгү жана ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы боюнча маселелер каралды.

«Урматтуу имамдар, мусулмандардын өз ара жаатташып бөлүнүүсү таптакыр туура эмес экендигин билип турабыз. Ар кандай заманда ынтымакты ыдыратып, бөлүнүү жакшылыкка алып барган эмес. Учурда мусулмандарды бириктирип турган нерсе бул ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы. Өзүбүз акыйда илимин туура үйрөнүп, башкаларга да үйрөтүшүбүз керек. Имамдар ар дайым алдыда болуусу кажет. Андыктан дайыма изденип, үйрөнүп, башкаларга үлгү болуп жүрөлү. Ошондуктан буюрса алдыда имамдарга ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы боюнча сабактарды уюштурабыз», – деди облус казысы.

Самидин кары Атабаев имамдарга эл менен, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу, КМДБдан, казыяттан келген буйруктарды өз убагында аткаруу тапшырмаларын берип, имамдардын иштерине ийгилик тилеп, батасын берди.

Жыйындын соңунда суроо-жооп уюштурулуп, имамдар өздөрү кызыккан суроолоруна жооп алышты.