Бекназар ажы Жапаров айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарын кабыл алды

Бүгүн, 5-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу 14 айыл өкмөттүн жооптуу имамдарын кабыл алып, ишмердүүлүгү боюнча маалымат алды жана бир катар тапшырмаларды берди.

— КМДБдан чыккан буйруктар, Аалымдар Кеңешинин фатва-токтомдору жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткаруу;

— Жаңы окуу жылы башталгандыгына байланыштуу мектеп окуучулары менен адеп-ахлак темаларынын алкагында жолугушууларды уюштуруу;

— КМДБ тарабынан өтүлүүчү аттестацияга карата даярдык катары ар бир жооптуу имам өзүнүн айыл өкмөтүндөгү имамдарга сабак уюштуруусу;

«Буйруса мектептерде жаңы окуу жылы да башталгандыктан, окуучулар менен адеп-ахлак темаларынын алкагында жолугушууларды уюштурабыз. Ар бир айыл өкмөттүн жооптуу имамы сөзсүз мектептеги адеп-ахлак темалары боюнча лекцияларга катышып, баяндама жасоосу керек. Албетте бул боюнча райондук билим берүү бөлүмү менен макулдашуу аркылуу иш жүргүзүлөт. Ошону менен бирге имамдарыбыз КМДБ тарабынан өтүлүүчү аттестацияга даярдык көрүүсү үчүн айыл өкмөттүн жооптуу имамынын катышуусунда атайын сабактар уюштурулсун», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Айта кетсек, кабыл алууда айыл өкмөттөгү мечиттердин абалы жана аны жакшыртуу боюнча жүрүп жаткан иштер; мазхаб кармануунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү жана кайрымдуулук иштери боюнча маалымат суралды. Ноокат районунда жалпысынан 14 айыл өкмөттүн жооптуу имамы бар. Алардын эң азы 10 мечитти караса, эң көбү 40 мечитти көзөмөлдөшөт.