Ысык-Көл облусунун казысы «Каныбек ажы» медресесин зыярат кылды

Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев жана казыят кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жайгашкан «Каныбек ажы» медресесин зыярат кылды. Казы иш сапарынын алкагында окуу жай мугалимдеринен кабар алып, медресенин ишмердүүлүгү менен таанышып, тазалыгын көздөн өткөрүп, студенттерге лекция өттү. Лекция КМДБ жетекчисинин №301 буйругунун негизинде жаңыдан медресеге кабыл алынган студенттерди илимге кызыктыруу үчүн «Окусаң илим үйрөнүп, орундуу жазган кат жакшы» аталышында өттү. Жыйынга медресе мугалимдери, студенттери жана Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу катышты.

«Урматтуу окуучулар, биринчиден жаңы окуу жылыңар менен! Өзүңөргө маалым болгондой, тарыхта Орто Азиядан үлкөн аалымдар чыгып, исламды дүйнө элине үйрөтүп келишкен. Алар Имам Бухари, Имам Муслим, Имам Тирмизи, Имам Матуриди, Жусуп Баласагуни, Имам Сарахсий, Имам Сиражуддин ал-Оший жана башкалар. Элибизде «аккан арыктан суу агат» деген кеп бар эмеспи, келечекте бизден дүйнөлүк аалымдар чыгат. Андыктан жакшы аракет кылып, тырышып окуш керек. Ниеттериңерди, максаттарды бийик-бийик коюп, келечекте профессор, илимдин докторлору болууну тилек кылып окугула, балдар. Китептерди жакшы түшүнүү үчүн эң оболу өзүбүздүн улуттук адабиятыбыздан да кабардар болуп, адабий чыгармаларды, тарыхыбызды билүү керек», – деди облус казысы.

Облус казысы студенттерге пайдалуу кеңештерди, асыл насааттарын айтып, суроолоруна жооп берди. Жыйындын соңунда илим талапчыларына ийгилик каалап, дуба кылды.