Айтматов жана Манас имамдарына жыйын өткөрүлдү

 

Кечээ, 5-сентябрь күнү Талас облусунун Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылында Айтматов жана Манас районунун имамдарына чукул жыйын өткөрүлдү.

Жыйынга Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят жамааты, Айтматов, Манас районунун баш имам-хатибдери жана имамдар катышты. Жыйында КМ Аалымдар Кеңешинин 2024-жылдагы №01, №02, №03, №04 токтомдорунун негизинде иш алып баруу, жума хутбаларын бирдиктүү темада өтүү, ынтымактын, биримдиктин, баш ийүүнүн пазилеттери, эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоодон өткөрүү, жакын арада өтүлчү сабактарды натыйжалуу уюштуруу боюнча маселелер каралды.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев өз сөзүндө: «Аалымдар Кеңеши бекиткен токтомдорду ишке ашыралы. Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасын элге жайылталы. Акыркы учурларда ар кандай бөлүнүп-жарылуулар болуп жатат. Биз андайларга жол бербейли. Элди ынтымакка чакырып, бириктирели. Азыркы учурда диний жаатта болуп жаткан жүрүп жаткан жакшы иштерди туура түшүнүү менен кабыл алып, башкаларга да туура жеткирели. Ошондой эле бирдиктүү темада жума хутбаларын алып баралы. Андыктан ар тараптан изилденип, элдерге туура маалыматтарды  жеткирели», – деди.

Жыйындын акырында бир канча тапшырмалар берилди. Алсак;

  • АКтын токтомдорун ишке ашыруу
  • Муфтият, казыят тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу
  • Эл арасында ынтымакты бекемдөө боюнча иш алып баруу
  • Жакынкы күндөрү уюштурулуучу сабактарга активдүү катышуу
  • Эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди тезирээк өткөрүү

Жыйын соңунда суроо-жооп болуп, имамдар өз суроолоруна жооп алышты.