Нуридин ажы Мамасабиров жаңы окуу жылына карата даярдыктар, иш пландар боюнча маалымат укту

Кечээ, 5-сентябрь күнү Баткен облустук казыяттында облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров аймактагы шаар-райондун баш имам-хатибдерине жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын өткөрдү.

Алгач Нуридин ажы Мамасабиров Аалымдар Кеңешинин №03-04 токтомдорун, Азирети Муфтийдин тиейиштүү буйруктарын аткарылышы, 2024-2025-окуу жылына карата даярдыктар, иш пландар боюнча маалымат укту. Андан соң билим берүү шарттарын жакшыртуу жаатында бир топ маселелер жана бирдиктүү тайпалык журналды колдонуу эрежелери түшүндүрүлдү.

Ошондой эле диний билим берүү тармагын өнүктүрүү боюнча талкуу болуп, казыят кызматкерлери жана медресе мүдүрлөрүнүн айтылган сунуш-пикирлери ортого салынды.

Диний окуу жайларынын мүдүрлөрүнүн айтымында, учурда бардык медреселерде оңдоп-түзөө иштери аяктап, окуу башталды.

Жыйын соңунда Нуридин ажы Мамасабиров келечек муундарга жакшы тарбия жана билим берүү чоң аманат экенин белгилеп, медреселердин ишине ийгилик каалап, келечекте өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө өз салымдарын кошо турган чыгаан атуулдар тарбияланарына ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында 19 диний окуу жай өз ишмердигин жүргүзүп келүүдө.