Дастан ажы Мамаев: «Чоң ийгиликке убакытты туура пайдалануу менен жетишүү мүмкүн»

Бүгүн, 6-сентябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Сары-Булак айылындагы К. Жантөшев атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, окууларына ийгиликтерди каалап, мугалимди сыйлоо, убакытты туура пайдалануу, Мекенди сүйүү жана мамлекеттик символикаларга урмат кылуу боюнча өз насааттарын айтып өттү.

«Буйруса жаңы окуу жылын жакшы дем-күч менен баштап, мыкты окуп, ийгиликтерге жеткиле. Албетте чоң ийгиликке убакытты туура пайдалануу менен жетишүү мүмкүн. Ошондой эле, тамгадан баштап, илим үйрөтүп келген мугалимдерди сыйлоо жана башкаларга жакшы мамиледе болуу менен адамдык асыл сапаттарды өнүктүрүү керек. Биздин бул аракеттерибиздин баары Мекенибиздин өнүгүүсүнө салым кошуу болуп саналат», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев

Аталган жолугушууга мектептин мугалимдер жамааты жана окуучулар катышты.