Талас облусунун казысы Талас жана Бакай-Ата имамдарына жыйын өткөрдү

Бүгүн, 6-сентябрь күнү Талас облусунун мусулмандар казыятынын кеңсесинде Талас жана Бакай-Ата районунун имамдарына ыкчам жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, казыят жамааты, Талас жана Бакай-Ата районунун баш имам хатибдери жана жалпы имамдар катышты. Жыйында КМ Аалымдар Кеңешинин 2024-жылдагы №01, №02, №03, №04 токтомдорун ишке ашыруу, жума хутбаларын бирдиктүү темада алып баруу, ынтымактын, баш ийүүнүн пазилетттери, эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоодон өткөрүү, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн уюштурулуучу сабактар жөнүндө маселелер каралды.

«Аалымдар Кеңешинин 2024-жылдагы №01, №02, №03, №04 токтомдорун ишке ашыруунун аракетин кылышыбыз керек. Жакын арада ушунун негизинде аттестация болот, ага да даярдык көрө бериңиздер. Андан тышкары бирдиктүү формалар да жакынкы күндөрү чечилет деген үмүттөбүз. Ошондой эле жума хутбаларын бирдиктүү темада алып баргандын аракетин кылалы. Ар тараптан изилденип, элге жеткиликтүү маалымат бергендин камын көрөлү. Элибизде, «ырыс алды ынтымак» деген жакшы сөз бар. Аныктан эл ичинде адамдарды ынтымакка, биримдикке чакыралы», – деп билдирди облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев.

Облус казысы имамдарга бир канча тапшырмаларды берди. Алсак:

  • АКнын токтомдорун ишке ашыруу
  • Муфтият,казыят тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу
  • Эл арасында ынтымакты бекемдөө боюнча иш алып баруу
  • Эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоодон өткөрүү
  • Жакынкы күндөрү уюштурула турган сабактарга активдүү катышуу

Жыйындын акырында суроо-жооп уюштурулуп, имамдар өз суроолоруна жеткиликтүү жооп ала алышты.