Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын тапшырмасы менен имамдардын билимин жогорулатуу максатында уюштурулган курс аяктап, Талас облусунун мусулмандар казыяты имамдарга сертификаттар ыйгарылды.
Сабактар КМДБ тарабынан берилген темалардын алкагында өтүлүп, дасыккан аалымдар 4 ай аралыгында Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча өздөрүнүн билимдери, тажрыйбалары менен бөлүштү.
«Урматтуу дин кызматкерлери! Мына ошентип 4 аралыгында акыйда боюнча сабактарыбыз жыйынтыкталды. Элибизге алган илимиңиздерди жеткирип, ак кызмат кыла бериңиздер. Мындан ары 6 айлык сабакты уюштурууну пландап жатабыз. Алдыдагы сабактарга барыбыз жан дилибизден берилип, активдүү катышалы»,- деди облус казысы.