Абибилла ажы Кадырбердиев: Мечит имамдарынын мээнети чоң

Кечээ, 10-сентябрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров менен биргеликте Ноокат районундагы мечиттерди кыдырып чыкты.

Облус казысы Ноокат районундагы мечиттерде мелдешке карата көрүлүп жаткан даярдыктары жакшы жүрүп жаткандыгын белгиледи.

«Имамдар арасында мелдеш жарыялоонун негизги максаты мечиттердин абалын жакшыртуу. Мелдешке даярдык көрүп жаткан мечит имамдарынын мээнети акырети үчүн пайдасы чоң. Анткени мечитти оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, элдин ибадат кылуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүсү сооптуу амал экендиги маалым. Бүгүн мына Ноокат районундагы мечиттерде жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштерин көрүп, максатыбыз ишке ашып жаткандыгынан кубандык. Буйруса декабрь айына чейин облус аймагындагы жалпы мечиттерибизде жакшы өзгөрүүлөр болот деп ишенебиз»,- деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Муну менен катар облус казысы ар бир райондон абалы эң начар деп табылган мечитти тандап алып, аны ар тараптан колдоого алуу тапшырмасын Ноокат райондук хатибияты алгачкылардан болуп аткаргандыгын баса белгиледи.