Абибилла ажы Кадырбердиев: «Биздин чөлкөмдөн Жибек жолу өткөндүгүн эске алсак, Ноокат жергесине сахабалардын сөөгү коюлган болушу мүмкүн»

Кечээ, 10-сентябрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Ноокат районуна болгон иш сапарынын алкагында «Сахабага» барып, эл ичинде Ислам тарыхында белгилүү болгон аскер башчы «Кутайба бин Муслимдин күмбөзү» деп айтылган жерди зыярат кылды.

«Бул жердин «Сахаба» деп аталуусу да жөн жерден болбосо керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын жан жолдоштору болгон сахабалардын арасынан хадис риваят кылгандардын аты-жөнү маалым. Аты-жөнү белгисиз болгон сахабалар аябай эле көп. Тарыхта дин жеткирүү жана фатх кылуу үчүн бул жакка келген деп билгенибиз менен андан сырткары соода-сатык аркылуу да жер кыдырышкан. Өзгөчө биздин чөлкөмдөн Жибек жолу өткөндүгүн эске алсак жана сахабалардын да соода-сатык тармагында эмгектенгендигинен улам, Ноокат жергесине сөөгү коюлган болушу мүмкүн. Ошондой эле бизге чейинки муундагы аталарыбыз бир топ даанышман, такыба болгондуктан, Сахаба деп жөн эле атап койбосо керек. Ал эми Кутайба бин Муслимдин мүрзөсү жөнүндө айта турган болсок, бул жерде экендиги талаш маселе. Анткени Өзбекстандын Андижан облусундагы бир кабырды Кутайба бин Муслимдин мүрзөсү деп айтылып келинет. Бирок белгилүү факих, тафсир жана тарых илимдеринин аалымы болгон Имам Табарийдин риваятында Кутайба ибн Муслимдин кабыры тоолуу жерде, тоо этектеринде жайгашкан деп айтылган экен. Ошондой эле бул жердеги кабырдын жанынан табылган таштарда Шейхуль Ислам, муфтий, казы наамын алган адамдардын сөөгү да ушул жерге коюлгандыгы маалым болду. Алар башка жерлерде жашаган болсо да, ушундай улуу заттын жанында болууну самап, ушул жерге коюлуусун осуят кылган болушу мүмкүн. Албетте бул терең изилденип, тактала турчу жер деп айтсак болот», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.