Баткен казыятынын кызматкерлери Баткен шаарындагы №7707 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге лекция окуду

Баткен облустук мусулмандар казыятынын мечиттер жана  үгүт-насаат  иштери боюнча адиси Махмуд ажы Курбанбаев Баткен шаарындагы ИИМдин ички аскерлеринин №7707  аскер бөлүгүнө барып, аскерлерге ата мекенди сүйүү, мекенчил болуу, мекенди коргоонун шарияттагы сооптору жана адептүүлүккө чакырган темада лекция окуду.

“Динибизде мекенди сүйүү ыймандан. Мекенди, андагы жашап жаткан жарандарды, ата-эне, бир туугандарды, жаш балдарыбызды коргоо бул ар бир эр жигиттин мойнундагы ыйык парзы. Сиздерди  ата-энеңиздер  мекенге татыктуу кызмат кылып келет деген үмүт менен күн эсептеп күтүп жатат. Алардын ишеничин актап, сыймыкка бөлөшүңөр чоң бакыт эмеспи. Андыктан өзүңөргө кам көрүп, кызмат учурундагы кыйынчылыктарга сабыр кылып, мекендин татыктуу жоокери болууга аракет кылгыла”, – деди Махмуд ажы Курбанбаев.

Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы ” жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Мындан сырткары ыйман, адеп-ахлак, тартип, суицид жана үй-бүлө жоопкерчилиги боюнча да насааттар айттылды.