Билим алуу — ийгиликтүү келечек! Чүй облусунун казысы «Ала-Тоо» медресесинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Ысык-Ата районуна иш сапары менен барып, «Ала-Тоо» медресесинин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин № 1-2-3-4 токтомдору боюнча маалымат алып, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча студенттерге терең билим берүү керектигин билдирди.

«Билим алуу — ийгиликтүү келечек. Билим – студент жана анын үй-бүлөсү тарабынан аткарылуучу эң маанилүү инвестиция. Андыктан облустун аймагындагы ар бир окуу жайдын билим берүү сапатына көңүл буруп, аткарып жаткан ишин дыкат карап, жардамыбызды беребиз. Биздин балдар Ханафий мазхабын, Матурудий акыйдасын эң мыкты билген адистер болушу керек»,-деди облус казысы.

Муну менен катар жолугушууда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча маалымат берип, учурда КМДБда атайын комиссия түзүлүп, Аалымдар Кеңеши, диний уюмдар менен биргеликте мыкты юристтер иш алып барып жаткандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда облус казысы кыз-келиндер арасында өткөн Республикалык Куран жарышынын  жеңүүчүлөрүн куттуктап, окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылык билдирди.