Абдималик ажы Турсунбеков: «Аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө атайын адистер керек болууда»

Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков облус аймагындагы Ноокат, Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда аялдарга терс агымдарга кирип кетүүсүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө казыят менен тыгыз кызматаша турган диний жогорку билимге ээ болгон айымдарды кабыл алды.

«Дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин мечиттерде, жума баяндарында, эл чогулган той-аштарга эркектерге жеткирип келебиз. Ал эми аялдарга терс агымдарга кирип кетүүсүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жана иш-чараларды уюштурууда атайын адистер керек болууда. Аялдарга түшүндүрүү иштерин аялдар айтып жеткирсе деген ойдо атайын сиздерди дасыккан адис катары таанып, биргеликте  кызматташсак. Аял деген үйдүн куту, бала тарбиясында орду чоң. Ошол себептен аялдарга Ханафий мазхабын, Матуридий акыйдасын туура жеткирүү керек», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.

Айта кетсек, Ош облусунун Ноокат, Араван, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда аялдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө кызматташуу үчүн айымдар менен макулдашып, келишим түзүлдү.