Ноокаттагы жалпы имамдарга кезектеги жыйын өткөрүлүп, тапшырмалар берилди

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров райондогу жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, КМДБ тарабынан чыккан буйруктарын, Аалымдар Кеңешинин фатва-токтомдорун жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды жоопкерчилик менен аткаруу боюнча айтып өттү. Өзгөчө жакында болуучу дин кызматкерлеринин аттестациясына даярдыктар туурасында токтолуп өттү.

«Урматтуу имам-дамлалар! КМДБ тарабынан өтүлүүчү аттестация боюнча эскертип келе жатабыз. Ошого жараша даярдык көрүп жатасыздар деген үмүттөбүз. Куран, хадис жана фикх боюнча тажрыйбада жума баяны ж.б. жерлерде колдонуп жүрүп, аздыр-көптүр маалыматыбыз бар. Бирок акыйда жаатында буга чейин көп суроо-талап болбогондуктан, маани бербей келгендер бар. Албетте беш кол тең эмес. Ошол себептен, бир катар карап кайталоо же үйрөнүп алуубуз кажет», – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.

Аталган жыйынга 270 имам катышып, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу боюнча эскертилди. Ошондой эле, жыйында учурда талкууланып жаткан «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер» тууралуу жазылган мыйзам долбоору боюнча да талкууланып, сунуш-пикирлер айтылып, суроо-жооп уюштурулду.