Муфтиятта диний окуу жайлардын билим берүү системасын жаңы нукка өзгөртүү жана электрондоштуруу маселеси каралды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында Бишкек шаарына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчылары, кураторлор, мугалимдери үчүн семинар-тренинг өтүп, анын алкагында окуу системасын жаңы нукка өзгөртүү жана электрондоштуруу маселеси каралды.

Мында мугалимдерге куратордук отчёт, окуу план жана окуу программалар, календардык план менен иштөө, баалоонун, баа коюнун нормативдерди-упай, модулдук система жана педагогика жана методика боюнча усулдук иштелмелер боюнча кеңири маалыматтар берилди.

“2024-2025-окуу жылында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасын жайылтуу, диний билим берүүнү электрондоштуруу, санариптештирүү, окуунун сапатын жогорулатуу, мамлекеттик, коомдук, күч түзүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары, КМДБ менен биргеликте диалог куруу, облустук, шаардык казыяттар менен тыгыз иш алып баруу, өз ара семинар-тренингдерди, тегерек столдорду, уюштуруу жана активдүү катышуу, таймаштарды, мелдештерди, Куран жарыштарды, олимпиада, илимий жарыштар, конференциялар, симпозиумдар, илимий-практикалык иш аракеттер жана спорттук оюндарды уюштуруу керек”,-деди КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков.

Диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана окутуучулар курамына уюштурулган методикалык семинар-тренинг өз максатына жетип, талкууга жана практика жүзүндө иш кагаздар менен иштөөдө мугалимдер активдүү катышы, кызыктырган суроолорго жооптор берилди.

Эске салсак, аталган методикалык семинар-тренинг Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси жана буйругунун негизинде уюштурулду.