Студенттердин кошумча кесиптик билим алуусуна шарт түзүп берүү керек

Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу облус ичиндеги диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жыйын өткөрүп, Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү тайпалык журналдарды таратты.

«Жаңы окуу жылын ийгиликтүү баштап алдык. Жыл ичинде окуу жактан мыкты жетишкендиктерге, жакшы натыйжага жеткендин аракетин кылыңыздар! Биздин Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан да окуу жайларыбызга өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Пилоттук негизде өлкө аймагынан ар тараптан колдоо үчүн жети диний окуу жайды өз карамагына алды. Ошондой эле мыкты диний окуу жайлардын мугалимдерине Умра сапарына жолдомолорду да  уюштурганы жатат. Андыктан биз жакшы натыйжанын үстүндө иш алып  баралы»,-деди облус казысынын орун басары.

Муну менен катар  Өмүрзак ажы Абдысамат уулу билим берүүдө студенттердин кошумча кесиптик билим алуусуна шарт түзүп берүү, илимий конференция, тегерек столдорду уюштуруп, билим берүүнүн сапатын ар тараптуу көтөрүү керектигин билдирди.