Дастан ажы Мамаев: Жолдо жүрүүдө өзүңүзгө жана өзгөлөргө зыян тийбесин

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Абдулазиз кары Закировдун №350-буйругунун негизинде Кара-Кулжа райондук жол коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшүштү.

«Байкалбаганы менен жол кырсыгынан улам көп адам көз жумуп кетүүдө. Жол эрежесин бузгандар өздөрү эле эмес, өзгөлөрдүн да ден соолугуна, жанына, мал-мүлкүнө зыян жеткирип жатышат. Бул жаатта айдоочуларга биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз»— деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.