Кара-Суу районунда мекемелер аралык иш-пландын негизинде жыйын өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрь күнү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 сандуу жарлыгы менен бекитилген «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын» ошондой эле, «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын» ишке ашыруу максатында, Ош ОИИБ, Ош облусунун прокуратурасы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмү жана Ош облустук казыяты менен биргеликте иштеп чыгарылган төрт тараптуу иш-пландын негизинде жыйын өткөрүлдү.

Жыйында ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Алибек ажы Жусупов, райондук администрациясынын өкүлү, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов жана укук коргоо органдары сөз сүйлөштү.

Алгач ДИМК ТАБнын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө биргеликте кызматташууга чакырды. Ошондой эле учурда талкууланып жаткан Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берип өттү.

«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча толук маалыматка ээ болбостон, ич ара чыр-чатак чыгаруу максатында элди дүрбөлөңгө салып жаткандар бар. Жадагалса мектеп окуучуларынын жоолуктарын чечтирип жатабыз деген жалган маалыматтар таралып кетти. Хижабга эч кандай тыюу жок. Дүйнө таанымды кеңейтип, туура түшүнүүгө аракеттенили», – деди ДИМК ТАБдын башчысы Фурхатбек Адилбек уулу.

«Ислам дини адам баласын адептүүлүккө, жакшылык иштерди жасоого чакырат. Ар түрдүү туура эмес же такталбаган маалыматтарды таратуудан жана аларга пикир билдирүүдөн сактаныңыз. Диний суроолор жаралса, расмий мечит имамдарынан сурап, тактап алсаңыздар болот. Ошондой эле, жаш балдарды мектептен сырткаркы убактарында дин илимин алуусун кааласаңыз, расмий каттоодон өткөн мечит-медресе, диний окуу борборлорго алып барыңыздар. Анткени үйлөрдө жашыруун окутуп жаткандар күмөндүү болуп саналат», – деди Алибек ажы Жусупов.

Ал эми укук коргоо органдары жыйындын катышуучуларын диний материалдарды социалдык тармактардан бөлүшүп, таратууда кылдат мамиле кылууга чакырды. Анткени тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдардын идеологиясы жайылтуу деген жүйөө менен жоопкерчиликке тартылып калуусун эскертти.