Баткенде имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам таратылды

Баткен облусунун Баткен районундагы Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңырык айылынын имамы Акжол Ахуновдун демилгеси менен муктаж  үй-бүлөлөргө 26300 миң сомдук акчалай кайрымдуулук таратылды.

Айыл эли тарабынан  ыктярдуу түрдө чогулган акча каражаты атайын кеңешүүнүн негизинде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы муктаж эки адамга берилди.

“Биздин ниетибиз чоң. Жараткан насип кылса чыныгы муктаждарга көп жардам кылабыз. Ислам дининде «алган колго караганда берген кол артык» деп айтылат. Ошондуктан бул сөзгө амал кылуу максатында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен муктаждарга соопчулук иштерин улантабыз. Бизди колдоп  жардам берген бир туугандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Жардамдарын Аллахым кемчиликсиз кабыл кылып, кыяматта соопторун эселентип көбөйтүп берген болсун”, – деди Акжол Ахунов.

Акжол Ахуновдун айтымында, жардам алган муктаж үй-бүлөлөрдүн жүзүндөрүнө кубаныч тартууланып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.