Ысык-Көл облусунун казысы Түп районунун имамдарына жыйын өттү

Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев, орун басары Алмазбек ажы Сагындыков баштаган казыят кызматкерлери Түп районунун жалпы имамдарына жыйын өттү. Жолугушуу сабак иретинде өтүп, илимге кызыгуу, ысырапчылыкты азайтуу, Аалымдар Кеңешинин тиешелүү токтомдорун ишке ашыруу, эл арасында ынтымакты бекемдөө сыяктуу маселелер каралды.

“Урматтуу имамдар, биздин ата-бабаларыбыз фикхта ханафи мазхабын, ишенимде матуриди акыйдасын карманып, өз динин сактап келишкен. Азыркы учурда кээ бирлер аларды «адашкан» деп доомат кылып атышат. Алардан кайсы жеринен адашкан далилдеп көрсөтүп берчи десек, эч нерсе окубаган болуп чыгат. Көпчүлүк адашкан жамааттар илимсиздиктин кесепетинен ушул сыяктуу дооматтарды айтышууда. Кээ бирлери аяттардын сырткы, ички, чыныгы мааниси жана кыйыр маанилерин аңдабай эле сыртынан карап алып, адашып жатышат. Андыктан илимге басым жасашыбыз зарыл. Дүйнөдөгү мусулмандарга динди үйрөткөн биздин аалымдар болгон. Орто Азиянын аалымдары хадис, акыйда, фикх, адеп-ахлак илимдерин дүйнө элине үйрөтүшкөн. Азыркы учурларда айрыкча акыйда илимин тереңден үйрөнүп, жамаатка жеткиришибиз керек”, – деди Самидин кары.

Облус казысы өз сөзүндө имамдар мечиттердин, өздөрүнүн тазалыгына көңүл буруулары керектигин, жакынкы арада имамдарга курстар уюштуруларын кошумчалап, имамдардын суроолоруна жооп берди.

Жыйын соңунда Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев жыйынга катышкандарга ыраазычылык билдирип, эл-журт үчүн дуба кылды.