«Умму Мухаммад» медресесинде ДОЖ окутуучуларына багытталган атайын семинар өтүлдү

Ош шаарында “Умму Мухаммад” медресесинин жыйындар залында шаардагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчылары, кураторлор жана документ менен иштеген адистер үчүн семинар-тренинг өткөрүлүп, анын алкагында окуу системасын жаңы нукка өзгөртүү жана электрондоштуруу маселеси каралды.

Иш-чарада мугалимдерге куратордук отчёт, окуу план жана окуу программалар, календардык план менен иштөө, баалоонун, баа коюнун нормативдери-упай, модулдук система жана педагогика, методика боюнча усулдук иштелмелер боюнча кеңири маалыматтар берилди.

КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков: «Диний окуу жайлардын мүдүрлөрү жана окутуучулар үчүн уюштурулган методикалык семинар-тренинг өз максатына жетип, талкууга жана практика жүзүндө иш кагаздар менен иштөөдө мугалимдер активдүү катышты. Аларды кызыктырган суроолорго жооптор берилди», – деди өз сөзүндө.

Эске салсак, аталган методикалык семинар-тренинг Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун демилгеси жана буйругунун негизинде аймактарда уюштурулуп жатат.