Самидин кары Атабаев Жети-Өгүз районунун имамдарына жыйын өттү

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Жети-Өгүз районунун жалпы имамдарына жыйын өттү. Чогулушту Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу ачса, облус казысы имамдардын этикасы, ысырапкорчулуктун алдын алуу, адашкан агымдар, экстремизм жана терроризмдин туура эместиги жана илимдин пазилеттерине токтолуп, ишеним негизи болгон акыйда жана Матуридилик боюнча лекция окуду.

Ошондой эле жыйында ханафи мазхабы боюнча да кеңири айтылып, “дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу талкуу өтүп, түшүндүрмөлөр берилди.

“Урматтуу имамдар, сиздерге терең ыраазычылык. Анткени коомдо ислам тууралуу түшүнүк алсыз болуп турганда, динди жайылтууда жана элди ынтымакка чакырууда сиздердин кызматыңыздар ат көтөргүс болгон. Азыр заман өзгөрүп жатат. Ар заманда ар кандай агымдар чыгып келгени маалым. Өз учурунда адашкандарга аят, хадистердин негизинде жооп берип, жаңылыш жолдон кайтарган аалымдар чыккан. Алардын бири Имам Матуриди болуп эсептелет. Аалымдарыбыз динибизди ар кандай бузулган ойлордон сактап келишкен. Ошол аалымдардын көпчүлүгү Орто Азиядан, тагыраагы бизден чыккан. Дүйнө эли динди бизден үйрөнүшкөн. Биз мына ушул аалымдарыбыз салып кеткен чыйыр жолдо болуп, элибизге ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын терең үйрөтөлү. Ал үчүн өзүбүздү өнүктүрүп, күнүгө жаңы нерселерди үйрөнүп, алдыга умтулуп туралы. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “мусулмандын бир күнү бир күнгө окшобойт” деп айткан”, – деди облус казысы.

Жыйындын соңунда имамдар суроолорун берип, жооп алышып, лекторго ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле облус казысы кары эл-журт, Мекен жана мамлекет үчүн дуба кылды.

Казыяттан билдиришинче, кыш айларында имамдардын квалификациялык билимин жогорулатууга багытталган курстар уюштурулмай болду.