Ош облусунун аймагындагы ДОЖ мугалимдерине семинар-тренинг өткөрүлдү

Бүгүн, 19-сентябрь күнү КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында ДОЖ мугалимдерине окутуунун методикалары жана иш кагаздарынын жүрүшү боюнча семинар-тренинг өттү.

Аталган семинарда төмөнкү маселелер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди:

— Мамлекеттик тилди өнүктүрүү;

— Диний билим берүүнү санариптештирүү;

— Окутуунун сапатын жогорулатуу;

— ДОЖдордо өткөрүлгөн иш-чараларды массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу;

— Семинар, тегерек столдорду уюштуруу жана активдүү катышуу;

— Спорттук мелдештерди өткөрүү;

— Куран жарышы жана интеллектуалдык таймаштарды өткөрүү;

— Көчмө семинар уюштуруу.

«Сабак өтүү методикаларын жаңылоо же көбөйтүү аркылуу ДОЖ студенттерине жеткиликтүү түшүндүрүп берүү мүмкүн. Албетте бул мыкты адистерди даярдап чыгарат. Ошону менен бирге «Куш эки канаты менен учат» дегендей эле, студенттерди ар тараптуу маалыматтуу болуусун да камсыздандыруу керек. Өзгөчө кыргыз тилинде туура, так жазуусуна көңүл буралы. ДОЖдор аралык же медресесенин ичинде тез-тез студенттер арасында түрдүү мелдештерди өткөрүп туруңуздар», – деди КМДБ Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков.

Семинардын жүрүшүндө Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен КМДБ тарабынан коюлган критерийлер боюнча ДОЖ мугалимдеринин арасынан умра сапарына баруучуларды аныктоо үчүн облус аймагындагы диний окуу жайлардын мугалимдери арасынан иш тажрыйбасы 3 жылдан кем болбогон, мурда умра же ажылык сапарына барбаган окутуучулар чүчү кулак аркылуу тандалып алынды.

Аталган методикалык семинар-тренингдер Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде аймактарда уюштурулуп жатат. Белгилей кетсек, КМДБ жетекчисинин 40 кадамдан турган стратегиялык иш мерчеминде диний билим берүүнү өркүндөтүү, дин илимдеринин методологиясын күчтөндүрүү, илимий-академиялык потенциалды көтөрүү, диний окуулуктарды түзүү, классикалык ислам адабияттарын которуу, студенттик илимий талкуу, конференция, симпозиумдарды өткөрүү, студенттик клубдарды түзүү, ДОЖдор аралык спорттук мелдештерди өткөрүү (универсиада), КМДБнын тутумундагы ДОЖдорду санариптештирүү ж.б. пункттар камтылган болчу.