Бүгүн, 21-сентябрь күнү Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Москва шаарында өтүп жаткан Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын VIII Курултайына ардактуу конок катары катышты.
КМДБнын жетекчиси Россиянын кийинки беш жылдык муфтийлигине кайрадан шайланган шейх Равиль Гайнутдинди кызуу куттуктап, Кыргызстан мусулмандарынын саламын жеткирди.
Аталган Курултайдан кийин XX Эл аралык мусулмандарынын форуму башталды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан тараптан барган делегацияда КР ДИМК өкүлдөрү, КМДБ жетекчилиги жана И. Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин деканаты бар.