КМДБнын Диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдиназар Хаджибеков Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында ДОЖ мугалимдерине окутуунун методикалары жана иш кагаздарды жүргүзүү боюнча семинар-тренинг өттү.
Семнардын жүрүшүндө төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл буруп, тапшырмалар берилди.
— Мамлекеттик тилди өнүктүрүү;
— Диний билим берүүнү санариптештирүү;
— Окутуунун сапатын жогорулатуу;
— ДОЖдордо өткөрүлгөн иш-чараларды массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу;
— Семинар, тегерек столдорду уюштуруу жана активдүү катышуу;
— Спорттук мелдештерди өткөрүү;
— Куран жарышы жана интеллектуалдык таймаштарды өткөрүү;
— Көчмө семинарларды жакшыртуу.
Семинардын жыйынтыгында мугалимдер Абдиназар Хаджибековго терең ыраазычылык билдирип, семинар пайдалуу болгондугун, окуу жайдын иш кагаздарын жүргүзүү стандартын үйрөнүү менен сабак өтүү методикаларын жаңылап туруу, ар тараптуу өнүгүү зарылдыгын белгилешти.
Аталган методикалык семинар-тренингдер Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде аймактарда уюштурулуп жатат.
Белгилей кетсек, КМДБ жетекчисинин 40 кадамдан турган стратегиялык иш мерчеминде диний билим берүүнү өркүндөтүү, дин илимдеринин методологиясын күчтөндүрүү, студенттерге матуридилик акыйдасын жеткилең үйрөтүү, илимий-академиялык потенциалды көтөрүү, диний окуулуктарды түзүү, классикалык ислам адабияттарын которуу, республикалык деңгээлде студенттик илимий талкуу, конференция, симпозиумдарды өткөрүү, студенттик клубдарды түзүү, ДОЖдор аралык спорттук мелдештерди өткөрүү (универсиада), КМДБнын тутумундагы ДОЖдорду санариптештирүү ж.б. пландалган.