Жалал-Абад облусунун Нокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Ноокен РИИБдин ЖККБнын райондук бөлүмүнүн башчысы Замир Жумабаевди кабыл алып, жол эрежелери, айдоочулардын жоопкерчилиги, соңку мезгилдердеги жол кырсыктары, алардын алдын алуу, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө биргеликте иш алып баруу туурасында баарлашты.
Анда ЖККБнын райондук бөлүмүнүн башчысы Замир Жумабаев соңку кездерде жол кырсыгынан жаш өмүрлөр кыйылып жаткандыгын, айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилелерин айтып, “Биз, биздин жетекчилик жол коопсуздугун болтурбоо, алардын алдын алуу өңдүү бир катар иш аракеттерди жасап жатабыз. Антсе да жол коопсуздугу боюнча эл арасында, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин алып баруу зарыл. Ошондуктан сиздер, жума окулуучу мечиттерде, эл көп чогулган жайларда жол эрежеси, айдоочулардын жоопкерчилиги, инсандын өмүрү туурасында айтып деп турсаңыздар, дагы да жакшы болор эле”, – деди.
Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков, «Ооба, чындыгында соңку кездери жол кырсыгы көп катталып жатат. Облусубуздун казысы Нематулла ажы Жээнбеков да жол коопсуздугу туурасында жума баяндарда дайыма айтып туруу тапшырмасын берген. Ага ылайык райондун аймагындагы жума окулуучу 39 мечитте имамдарыбыз бул тема боюнча айтып турушат. Буйруса мындан ары да баяндарыбызда, эл көп чогулган жайларда дагы да айтып-деп, элге жеткиребиз», – деп убадалады.