Нарын: Кочкор районунда имамдардын “Ынтымак” мелдешинин кезектеги айлампасы өткөрүлдү

Нарын облустук казыяты тарабынан демилгеленген облус аймагындагы имамдардын “Ынтымак” оюнунун 4-айлампасы Кочкор районунда уюштурулду. Бул  оюнга облустун ар бир районунан бирден команда катышып, футбол жана аркан тартыш боюнча күч сынашты.

Алгач келген командаларды Кочкор хатибиятынын имамдары  тосуп алуу менен ачылыш аземин өткөрүштү. Ачылыш аземинде облус казысы Эрик Молдокулов убакыт бөлүп келген командаларга ыраазычылыгын айтуу менен бирге уюштуруп жаткан Кочкор хатибиятына “Ынтымак” оюнуна ийгилик каалап өттү. Казынын айтымында, “Ынтымак” оюнунун башкы максаты имамдардын арасын жакындатуу, ынтымагын бекемдөө, сергек жашоого үндөө болуп эсептелет.

Оюндун жыйынтыгы боюнча футбол боюнча Наырн казыяты 1-орун, Кочкор хатибияты 2-орун, Нарын хатибияты 3-орунду камсыз кылышса, аркан тартыш боюнча Ак-Талаа хатибияты 1-орун, Кочкор хатибияты 2-орун, Нарын хатибияты 3-орунду камсыздашты. Мындан сырткары оюн жүрүшүндө өзүнүн мыктылыгын көрсөткөн оюнчуларга да ыраазычылык баракчалар тапшырылды.

Кийинки өтө турган “Ынтымак” оюну 2025-жылдын жаз айында Жумгал районунда өтмөкчү.