Кочкор-Ата шаарынын жооптуу имамы шаардын “Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарынын имам-хатиби Маматкасым Ибрагимов шаардын “Ардактуу атуулу” наамын алды. Ал шаардагы борбордук “Ибрахим Халил” жума мечитинде 40 жылдан бери имамдык кызматты аркалап келет. Учурда Кочкор-Ата шаарынын жооптуу имам-хатиби, шаардык аксакалдар сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенет.

66 жаштагы Маматкасым Ибрагимов кубанчын бөлүшүп жатып мындай деп билдирди: “Көп жылдык эмгегимди эске алып, “Ардактуу атуул” наамын ыйгарган Кочкор-Ата шаарынын мэриясына, Шаардык Кеңештин депутаттарына, мэр менен төрагага, районубуздун баш имам-хатиби Тынчтыкбек Шаиковго өз ыраазычылыгымды билдирем”.

Маматкасым Ибрагимов 7 уул, 5 кыздын атасы, 9 неберенин ардактуу чоң атасы.