Ош шаарында карылар арасында республикалык Куран жарыштын тандоо туру өткөрүлдү

Кечээ, 22-сентябрь күнү Ош шаарында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан 25 жашка чейинки карылар арасында өтө турган республикалык Куран жарыштын тандоо туру болуп, 30 пара, 20 пара, 10 пара жана кооз окуу боюнча конкурс уюштурулду.

Куран жарышка Ош шаарынын казыят кызматкерлери, Ош шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, катышуучулардын ата-энелери катышты. Калыстар тобунда Убайдулло кары Пахыров, Улук кары Эрмеков, Мирислам кары Абдиевдер болушуп, жеңүүчүлөрдү тандап алышты. Жеңүүчү аталган катышуучулар республикалык Куран жарышка жолдомо алышты.

Айта кетсек, 25 жашка чейинки карылар арасында өтө турчу республикалык Куран жарышы 19-20-октябрда Баткен шаарында өтмөкчү.