Азирети Муфтий РФга болгон жумушчу сапарынын алкагында мекендештер менен жолугушууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров РФга жасаган иш сапарынын алкагында мекендештер менен жолугушууларды өткөрүүдө. Аны менен катар мекендештерге диний кызмат көрсөтүү жаатында иш алып барган жергиликтүү диний уюмдардын ишмердүүлүгү менен таанышууда.

Айта кетсек, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрь күнү Москва шаарында өткөн Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын VIII Курултайына ардактуу конок катары чакырылган. Ошондой эле XX Эл аралык мусулмандарынын форумуна катышуусу күтүлүп жаткан.