Ысык-Көлдө карылар республикалык Куран жарышка жолдомо үчүн ат салышты

Кечээ, 22-сентябрь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарындагы «Ибрахим ажы» атындагы борбордук мечитинде 25 жашка чейинки мырзалар арасында боло турчу республикалык Куран жарышына облус атынан катышуу үчүн карылар арасында тандоо сынагы болуп өттү. Сынакта Талгат Соноев, Талант кары Сабриков, Медер Карымшаков калыстык кылып, жеңүүчүлөр аныкташты.

Жыйынтыгында,

— 30 пара боюнча – Хакимбеков Абдулазиз,

— 20 пара боюнча – Лолаев Мехробшо,

— 10 пара боюнча – Алтынбек уулу Курманбек жеңүүчү деп табылып, республикалык Куран жарышына жолдомо алышты.

«Алла Таала Куранды жаттоону ар кимге эле насип кыла бербейт. Силер Куранды жаттадыңыздар, эми ошону аздектеп, башкаларга үйрөтүү максатка ылайык болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Силердин эң жакшыңар Куранды үрөнүп, башкаларга үйрөткөнүңөр» деп айткан. Жеңүүчүлөргө ийгилик каалайбыз. Дегеле Куран конкурсуна катышуу – жеңиш. Анткени силер Куранды жат алып жүрөсүңөр», – деди казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Талгат ажы Соноев.