АК төрагасы Мисир өлкөсүнөн сыйлык алды

Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы Азирети Муфтийи, азыркы Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиевге Египет өлкөсүнүн мамлекеттик сыйлыгы тапшырылды.

Сыйлыкты тапшыруу үчүн өлкөнүн президентти Абдул-Фаттах Халил Ас-Сиси өзү катышты.

«Илим жана маданият» медалы деп аталчу ардактуу сыйлык салттуу диндин таралышына, Кыргызстан жана Египеттин ортосундагы достуктун чыңалышына кошкон салымы үчүн ыйгарылды.