2025-жылы ажылык мезгилинде Сауд Араб Падышалыгына ажылык амалдарын аткарууга келүүчү жарандар үчүн медициналык шарттар жана көрсөтмөлөр берилди.
Сауд Араб Падышалыгынын саламаттыкты сактоо министрлиги ажылардын минималдуу физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карама-каршы келген оорулардан, анын ичинде зыяратчылардын ажылык амалдарын аткарууга көп тоскоолдук кылган дарттардан таза болушун талап кылат.
* Гемодиализ алып жаткан бейтаптар.
* Минималдуу кыймыл-аракетке тоскоол кылуучу жүрөк ооруулары (прогрессирующая сердечная недостаточность).
* Кычкылтек маскасын мезгил-мезгили менен же туруктуу колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорулары.
* Боордун прогрессивдүү цирроз оорусу менен ооруган бейтаптар.
* Аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык оорулар, ошондой эле өз алдынча кыймыл-аракет жасоого (отурууга, турууга, басууга) тоскол болгон таяныч-кыймыл аппаратынын оор оорулары.
*Кем акылдуулук менен коштолгон карылык курагы.
* Жугуштуу инфекциялык оорулар (мисалы; ачык өпкө кургак учугу ж.б.у.с. оорулар).
* Химиотерапия алып жаткан рак ооруусунун бейтаптары.