Жалал-Абадда республикалык Куран жарышка катыша турган карылар аныкталды

Кечээ, 23-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Азирети Билал” жума мечитинде республикалык Куран жарыштын облустук тандоо туру болуп өттү. Сынактын ачылышына Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков катышып, карыларга жана калыстар тобунун ишине ийгилик каалап,

“Урматтуу карылар, сиздерден үмүтүбүз чоң. Аллахым алган илимиңиздерди, жаттаган Куран аяттарын берекелүү жана жугумдуу кылсын. Жалал-Абаддан жеңип, мыкты деп тандалган карыларыбыз республикалык жарыштан байгелүү орундарды алып келсин. Калыстар, сиздер адылдык менен мыктынын мыктысын тандап бериңиздер,” – деди.

Республикалык Куран жарыштын облустук туруна жалпы 37 конкурсант катышып, анда хафиздер Курандын 30, 20, 10 пара жана Куранды тажвид эрежеси менен кооз окуу түрү боюнча таймашышты.

Калыстар тобунун чечими менен 10 пара боюнча – Абдулважид Бахаудин уулу, 20 пара боюнча – Лутфилло Рахманов, 30 пара боюнча – Мухаммадсодик Абидходжаев, кооз окуу боюнча – Алишер Азизов жеңүүчү деп табылып, “Жаңы Муун” коомдук фонду тарабынан акчалай сыйлык жана Жалал-Абад облусунун атынан республикалык Куран жарышына жолдомо сертификатын алышты.