Базар-Коргон райондук хатибияты ЖККБнын райондук бөлүмү менен биргеликте «Адам өмүрү аманат» аттуу акция өткөрдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибияты РИИБдин ЖККБнын райондук бөлүмү менен биргеликте «Адам өмүрү  аманат» аттуу иш чара өткөрдү. Анда райондун баш имам-хатиби Нармамат ажы Икрамов баш болгон дин кызматкерлери, райондук ЖККБнын кызматкерлери менен биргеликте айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Райондун баш имам хатиби Нармамат ажы Икрамов, “Базар-Коргон райондук хатибияты РИИБдин ЖККБнын райондук бөлүмү менен дайыма тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп келебиз. Бул жолу да жеңил жана оор, жүргүнчү ташыган унааларды токтотуп, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүнүн эрежеси, эң башкысы адам өмүрү аманат экендигин айтып-деп жеткирдик”, – деди.