Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Москва ислам институтунун ректору менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров РФга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Баш муфтийинин биринчи орун басары, Москва Ислам институтунун ректору, шейх Дамир Мухетдинов менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар диний башкармалыктар ортосундагы кызматташууну бекемдөө, тажрыйба алмашуу, муфтияттар ортосундагы алакаларды жаңы бийиктиктерге жеткирүү талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Россияда жашап-иштеген мекендештерге диний кызмат көрсөтүү жаатында жаңы пландар коюлуп жатканын билдирип, бул жаатта тыгыз кызматташууну сунуштады. Шейх Дамир Мухетдинов Россия муфтияты бул боюнча ар убак колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп өттү.

Мындан сырткары Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Баш муфтийинин биринчи орун басары диний билим берүү тармагын өнүктүрүү, дин илимдеринин методологиясынын үстүнөн иштөө, Матуриди акыйдасы жана Ханафи мазхабын күчтөндүрүү алкагында биргелешип иш алып баруу зарылдыгына токтолду.

Белгилей кетсек, Абдулазиз кары Закиров башында турган кыргыз делегациясынын курамында Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев, КМДБнын мечиттер жана имамдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Давранбек ажы Жунусаилев, аталган окуу жайдын ага окутуучусу Белек Жапаракун бар.