Ош облусунда райондук баш имам-хатибдерге кезектеги жыйын өткөрүлүп, тапшырмалар берилди

Бүгүн, 24-сентябрь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев облустагы райондук баш имам-хатибдерге жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди.

— Жума баяндары КМДБ тарабынан берилген бирдиктүү жума хутбасынын темалары боюнча жасоо жана баян учурунда убакыттын так сактоо;

— Ош облусундагы райондордо атайын түзүлгөн графиктин негизинде өтүүчү жергиликтүү эл менен жолугушууларды уюштуруу иштерине көңүл буруу жана ага карата тиешелүү даярдыктарды көрүү;

— Имамдардын электрондук базасын квартал сайын жаңылап туруу;

— Айыл өкмөттүн жооптуу имамдарынын ишмердүүлүгүн тартипке салуу;

— Ноокат, Араван, Кара-Суу, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунун жалпы имамдарына бир жумалык окуу курсун уюштуруу;

— Бирдиктүү нике хутбасын ар бир имамга жеткирүү жана аны колдонуусу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берүү.

«Жума баянында бирдиктүү жума хутбасынын темалары боюнча гана баяндама жасап, баян учурунда убакыттын так сакталуусун көзөмөлгө алыңыздар. Ошондой эле, райондордо графиктин негизинде өткөрүлүүчү жолугушууларды уюштуруу жана эл алдында хатибияттын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берүү үчүн тиешелүү даярдыктарды көрүңүздөр. Буйруса жакында Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн жана белгилүү дин кызматкерлеринен турган мугалимдер жамааты облусубуздагы Ноокат, Араван, Кара-Суу, Өзгөн жана Кара-Кулжа районунун жалпы имамдарына бир жумалык сабак өтүшөт. Өзгөчө акыйда маселелери боюнча кеңири түшүнүк берилет. Ошондой эле, облус аймагындагы жалпы имамдар үчүн бирдиктүү нике хутбасы даярдалып бүтүп калды. Аны ар бир имам нике кыюуда пайдалануусу, андагы маселелерге токтолуп өтүүсү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилсин. Албетте бул ажырашуулардын санын азайтууга жардам берет деп ишенебиз», – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.

Айта кетсек, жыйындын алкагында райондук баш имам-хатибдердин ишмердүүлүгү да бааланып, айрымдарына эскертүү берилди.