Жалал-Абад казыятында «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу иш-чара болуп өттү

Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында «Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында болуп, ага КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Бакыт ажы Усманов, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелис ажы Турганбаев, Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Нармамат ажы Икрамов катышып, калыстык кылышты.

Мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата уюштурулган бул сынакка жалпы 8 медресенин студенттери катышышты. Жарышта балдар саламдашуу, сценка (мамлекеттүүлүк, кыргыз тили ж.б.), кыргыз тили жөнүндө ырларды айтып таймашса, кыздар улуттук тамак-аш жарменкесин уюштурушту.

Казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Нурдин Рустамбек уулу, “Иш-чаранын максаты окуучуларга кыргыз тилинин улуулугун, байыркы тил экендигин жана кыргыз тили – мамлекеттик тил, ата-бабадан калган улуу мурас экендигин жеткирүү, жаштарды улуттук мурастарыбызды урматтап аздектөөгө, эне тилин сүйүүгө, сактоого жана атуулдук парзын аткарууга умтулуу, ата мурастарын сактоо зарылдыгын түшүндүрүү”, – деди.

Сынактын соңунда калыстар тобунун чечими менен “Айти” балдар медресеси 1-орунга, кыздар арасында “Биби-Рабия” кыздар медресеси биринчиликти багындырып атайын сыйлыктар менен сыйланышты.