Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби ДКО оюндарынан ийгилик жараткан спортчуларды кабы алды

Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ийгилик жараткан Жалал-Абад шаарынын спортчуларын шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев кабыл алды.

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Казакстандын Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Алыш күрөшү боюнча 80 кг салмакта алтын медал уткан Ирлан Казыбек уулу менен машыктыруучусу Чынгыз Акановду кабыл алып, ыраазычылык сөзүн айтып, ак батасын берди.

Анда шаардын баш имам-хатиби, Жалла-Абад шаарынан барган бардык спортчуларды ийгилиги менен куттуктап, «Кыргызстандын желегин желбиретүү ар бир спортчунун кыялы. Буйруса сиздер кыялыңыздарга жетип, өлкө желегин желбиретип олтурасыздар. Аллах Таалам сиздерге бекем ден соолук, берекелүү жана бактылуу өмүр, майтарылбас кайрат жан күч берсин. Биз сиздер менен дайыма сыймыктанабыз жана дубадабыз. Сиздерди тарбиялап өстүргөн ата-эне, бир туугандарыңызга, машыктыруучуларга, окуткан эже-агайларыңыздарга Аллахтын ырхматы жана мээрими болсун. Дайыма бар болуңуздар. Омиийн», – деди.

Эске салсак, Казакстандын Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн. Ага Жалал-Абад шаарынан 4 спортчу катышып, алардын ичинен Ирлан Казыбек уулу алыш күрөшү боюнча 80 кг салмакта алтын медал тагынса, Динара Камчыбекова алыш күрөшү боюнча 70 кг салмакта 3-орунду камсыздаган. Ал эми Күмүшай Орозкул кызы аркан тартыш боюнча командалык эсепте 3-орунду багындырып, коло медалга ээ болсо, Феруза Курсантбек кызы Алыш күрөшү боюнча 5-орунду камсыздаган.